Самат Курманкулов Москвада марттын аягына чейин дарыланат

Мезгил

Атамбаевди кармоо операциясында жаракат алган Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов өз алдынча тамактанып жатат. Анын саламаттыгында жылыш бар. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

“Самат Курманкулов учурда өз алдынча тамактанып жатат. Буттарынын үстүңкү кыймылдаткыч функциялары калыпка келген. Ошентсе да толук калыбына келүү үчүн болжолдуу түрдө 2020-жылы марттын аягына чейин дарыланат. Өкмөттүн резервдик фондунан анын мындан аркы дарылануусуна 1 миллион 462 миң 69 сом, Саламаттыкты сактоо министрлигинен 4 миллион 798 миң 520 сом бөлүндү”, – дейт министрликтен.

 Самат Курманкулов 2019-жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда башынан катуу жаракат алган. Адегенде Бишкектеги Травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган. Кийин 12-августта Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна которулган.

Жакында Кыргыз милициясынын 95 жылдыгынын урматына Самат Курманкулов “Эрдик” медалы менен сыйланган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *