Самат Курманкулов өз алдынча басып, сүйлөп баштады

Мезгил

Чүй облусунун  милиция башчысы  Самат Курманкулов акырындан баса баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Чүй облусунун ИИББнын башчысы Самат Курманкулов өз алдынча басып, сүйлөп баштады.  Көп учурда ал туруп, колу-буттарын машыктырып жатат.  

 Белгилей кетсек, 7-августта Кой-Таш окуяларында Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов башынан жараат алган. Натыйжада ал комага түшүп, Москванын ооруканасына жөнөтүлгөн.

Мамлекеттин эсебинен  анын дарылануусуна 2 миллион сомдон  ашык акча бөлүнгөн.  

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *