Самат Курманкуловдун дарылануусуна дагы 1 млн сомдон ашык каражат бөлүнөт

   Мезгил

Москвада ооруканалардын биринде дарыланып жаткан Чүй  милиция башчысы Самат Курманкуловду дарылоого дагы 1 миллион сомдон ашык акча бөлүнөт. 

Маалым болгондой, бул каражатты Саламаттыкты сактоо министрлиги бөлөт. 

Сумма 1 миллион 300 миң сомду түзөт. Тиешелүү буйрукка премьер-министр кол койду. Буга чейин премьер-министр тартип сакчыны дарылоого өзүнүн резервдик фондунан дээрлик 1,5 миллион сом бөлгөн.

Эске салсак, 7-августта Кой-Таш окуяларында Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов башына жараат алган.

Натыйжада ал комага түшүп, Москванын ооруканасына жөнөтүлгөн. Учурда эсине келип сүйлөп калды.  

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *