Самсаалы ЧЕТИНБАЕВ: “Атамбаевчил Рыскелди Момбековдун Текебаевдердин альянсына кошулганы таңгалычтуу”

Мезгил

–Самсаалы мырза, бүгүнкү “Үчилтиктин” биригиши боюнча оюңуз кандай? Жанар Акаев, Элдар Абакиров башында турган КЛДП партиясы жаштардын үмүтүнө суу сээп, береги “карышкырларга” алданып калышкан жокпу?

–Бул жерде таң кала турган эч нерсе жок. Шайлоо алдындагы кадыресе көрүнүш катары кабыл алдым. Негизи эле биригүү, ынтымакка келүү жакшы нерсе. Арасында жаштары да, дасыккан саясатчылары да жүрөт. Ийгилик каалайм. Баарынан кызыгы, кече эле Алмаз Атамбаев Текебаевди камаганда Алмаз Шаршеновичтин сөзүн сүйлөп, кыйкырып жүргөн Рыскелди Момбековдун бул альянска кошулуп калганы болду. Бул да болсо кыргыз саясатынын өзгөчөлүгү болсо керек…

Ал эми КЛДПчылардын алданып же туура кадам таштаганын шайлоонун жыйынтыгы көрсөтөт. Алдын-ала бир нерсе деп айтыш кыйын. Мындай кадамга алар да өз алдынча кеңешип анан барышты болуш керек. Мен алардын ушуга чейинки саясый кадамдарын сыдыргыдан өткөрүп, байкап келатам. Кыргыздын бычакка сап боло алчу, «жүнү тирүү» жигиттери.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *