Санк-Петербург шаарында Путиндин сүрөтүн тарткан кыргызстандык эки жаран кармалды

Мезгил

 Санк-Петербург шаарындагы үйлөрдүн дубалына Орус президенти Владимир Путиндин сүрөтүн тартып, ошону менен катар коркутуу сөздөр жазылган. Граффиттин автору кыргызстандык эки жаран Ош облусунун тургундары экендиги маалымат булактары жазып чыкты.

 Маалыматка ылайык, 27-январда полиция бөлүмүнө аймактык жашоочулардан граффит тууралуу маалымат түшкөн. Полиция тарабынан шектүү делип эки кыргызстандын жараны- Мухаммадазиз жана анын 23 жаштагы байкеси Исломбек кармалды. Экөө тең Эл аралык банк институтунун студенттери. Алар Ош облусунун тургундары экени аныкталды.

“Тинтүү  учурунда тыюу салынган бир нече адабияттар табылды. Китептердин арасында куран, Омор Хайямдын ырлары, Сауд Арабияда басылып чыккан экстремисттик буклеттер, оккультизм боюнча буклеттер бар”- деп жазылат маалыматта.

Студенттер Телеграм мессенжери аркылуу жашыруун буйрутма алышканын билдиришти. Буйрутма берген адам 5 миң руль берем деп убада берген. Кыргыз жарандарына карата Россиянын кылмыш-жаза кодексиндеги 214-берене (саясий, расалык же диний жек көрүү менен жасалган вандализм) жана 205-берене (террористтик ишмердүүлүккө чакырыктар) боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *