Сапар Исаков: Чечим чыгарып, бизди атып эле салгыла

  Мезгил

  Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ачылган кылмыш иши боюнча соттук отурумдардын жүрүшүндө мурунку премьер-министр Сапар Исаков кызык кеп айтта баштады. Өткөндө “Чечим чыгарып, бизди атып эле салгыла” десе, бүгүн  сурак берип жатып судьяга “Балким сиз уга берип тажап кеткендирсиз” деген суроо узатты, судья “Жок, тажаган жокмун, бул менин ишим” деп жооп узатты. Кыязы Сапар Исаковдун да Кубанычбек Кулматов сыяктуу чыдамы кете баштаган окшойт.

“Мени бир күндө алып келтирдиңер, ал эми Асанов менен Хафизовду бир айдан бери алып келе албай жатасыңар, бул укуктук башаламандык. Эми болсо Хафизов Кыргызстандан чыгып кеткен деп жатышат. Долбоордун адаптациясын жасап, андан соң долбоордук-сметаны түзгөн адам кандайча сотко келбейт? Биздин каржылык зыян кандайча эсептелгенин билүүгө толук укугубуз бар. Ырас, алар келбей турган болсо, анда чечим чыгарып бизди атып салгыла!”, – деген эле Сапар Исаков.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *