Сапар Исаков Каныбек Иманалиевден далилдөөчү документтерди талап кылды

Мезгил

Бүгүн, 7-августта Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча козголгон кылмыш иши Свердлов райондук сотунда каралды. Буга Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев күбө катары чакырылган.

Сотто мунуку пермьер-министр Сапар Исаков Иманалиевден ТБЕА өкүлдөрү менен 18 жолу жолукканын далилдөөчү документтерди көрсөтүүнү сурады.

– Мени кытай компаниясынын өкүлдөрү менен18 жолу жолуккан деп айтып жүрөсүз. Анчалык көп жолу жолуккан эмесмин, калп айтып жатасыз. Кийин “40 жолу жолуккан” деп чыктыңыз – деди Сапар Исаков.

Ал эми Каныбек Иманалиев жактоочу расмий суроо жөнөтсө, көрсөтүүгө макул экенин билдирди.

Ошондой эле Сапар Исаков «Долбоорду колдоп берүүнү суранып, сизге кайрылдым беле?» деген суроосуна Иманалиев “жок” деп жооп кайтарды.

Мындан сырткары Каныбек Иманалиев TBEA менен макулдашууну ратификациялоо чечимин кабыл алууда жеке өзү сын-пикирин жазып бергенин  билдирди. Бирок, кийинчерээк Жантөрө Сатыбалдиев аталган документти көрсөткөндө, анда депутаттын сын-пикири жок болуп чыккан.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *