Сапар Исаков менен Албек Ибраимовго мамлекеттер аралык издөө жарыяланды

   Мезгил

 Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго жана мурдагы бишкек мэри Албек Ибраимовго мамлекеттер аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.  

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы   буга чейин Исаковдун өргүүсү 12-октябрда аяктаганын, бирок түзөтүү абагына кайтып келбегенин кабарлаган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Жазадан качуу» беренеси менен катталган.

 Белгилей кетсек,  2020-жылы июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Исаковду 18 жылга эркинен ажыраткан. Ал Тарых музейин реконструкциялоодогу жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданды куруудагы коррупцияга айыпталган. 2019-жылы ал Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция иши боюнча 15 жылга соттолгон.

 Ал эми ордо калаанын мурдагы башчысы Албек Ибраимов  коррупция боюнча айып тагылып 15 жылга соттолгон.

Эске салсак, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар, эл “Ала-Тоо” аянтына митингге чыгып, шайлоону тааныбай тургандарын, аны жокко чыгарып, кайра таза шайлоо уюштурууну талап кылышкан. Митингчилер түн ичинде Ак үйдү басып киришкен. Митингчилердин бир бөлүгү УКМКнын имаратына барып Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар саясатчыларды бошотушкан. Алардын арасында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, мурдагы Бишкек мэри Албек Ибраимов  да бар болчу.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *