Сапар Исаков сотко күч менен алынып келинди

Мезгил

Бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүп жатат.

Соттук отурумга мурдагы премьер-министр Сапар Исаков сотко күч менен алып келинди.  Бул тууралуу анын  жактоочу Замир Жоошев билдирди.

“Сапар Исаков сотко күч менен алып келинди. Бул мыйзамды бузуу менен жасалган иш-аракет. Себеби мыйзамга ылайык, соттун мажбурлоо түрүндө адамды сотко алып келүү токтому сот кызматкерлери тарабынан аткарылат. Ал эми Сапар Исаковду УКМКнын кызматкерлери күч менен алып келиши мыйзамга туура келбейт”-дейт жактоочу.  

 Белгилей кетсек, буга чейинки отурумга айыпталуучу Сапар Исаков келген эмес.  

Эске салсак, С.Исаков Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иштерине байланыштуу 2018-жылдын 5-июнунан тарта камакта.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *