Сапар Исаков сотко тарых музей менен ипподромду көрүп келүүнү сунуштады

Мезгил

Бүгүнкү сөздөрдү угуп, эч нерсени көрбөсөм менде деле ал жакта бомба жарылгандай эле элес калтырмак. Ошондуктан музейге жана ипподромго барып келишиңизди суранам. Бул тууралуу Сапар Исаков Тарых музейи жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын реконструкциялоо иши боюнча кезектеги соттук отурумда судья Марат Сыдыковго сунуш кылды.

Мурдагы ѳкмѳт башчынын мындай сунушту күбөлөрдүн көрсөтмөсүнөн кийин берди. Анын айтымында бул аябай маанилүү.

– Мисалы, мен азыр камакта отуруп эле бүгүнкү сөздөрдү угуп, эч нерсени көрбөсөм менде деле ал жакта бомба жарылгандай эле элес калмак. Мен сиз Улуттук тарых музейине жана Ысык-Көлдө салынган ипподромго барып, ал жакта эмне жасалганын, инфратүзүмүн көрүп келишиңизди өтүнөм-деди Сапар Исаков.

Судья бул маселе ачык бойдон калуусун жана баардык күбөлөрдөн сурак алынгандан кийин чечилээрин билдирди. Кийинки отурум 19-ноябрь күнү өтө турган болду.

Эске салсак, Башкы прокуратура мекемени оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканын билдирип, мурдагы ѳкмѳт башчы Сапар Исаковго айып койгон. Бирок ал, бул маалыматтарды төгүндөп, музей боюнча кылмыш иши саясий негизде козголгон деген пикирин айтып келет.

Сот: Тарых музейинин кызматкерлерине президенттин аппараты тарабынан кысым көрсөтүлгөн

Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Жазык кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде  Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Мира Карыбаева, Улукбек Матисаков, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеевге айып коюлган. Исаков менен Карыбаевадан башкасы тергөө менен кызматташууга макул болгон үчүн алардын иштери бөлөк каралууда.

2016-жылдагы эки тараптуу макулдашуунун негизинде Түркиянын ТИКА уюму Бишкектеги мамлекеттик тарых музейин оңдоону өзүнө алып, ага 15 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат караган.

Сапар Исаков президенттик аппаратты жетектеп турганда музейди оңдоону 2017-жылдын 31-августуна чейин бүтүрүүнү талап кылгандан улам, Түркия тарап жумушту улантуудан баш тартканы тергөөдө аныкталган. Буга байланыштуу мамлекеттик бюджеттен бир жарым миллиард сомдон ашуун кошумча каражат сарпталган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *