Сапар Исаков соттук отурумга катышпай тургандыгын айтты

 Мезгил

Экс-премьер министр Сапар Исаков бүгүн апелляциялык арызды кароо боюнча Свердлов райондук сотунун отурумуна катышпай тургандыгын билдирди.

 Ал  баардык соттор көз каранды жана саясий чечим чыгарышат деп эсептейт. Мындан сырткары, ал сотко адвокаттарынын катышуусу жетиштүү болорун белгилеп, бирок адилеттик үчүн күрөштү токтотпой турганын кошумчалады.

 Белгилоей кетсек, 6-декабрда Бишкектин Свердлов райондук соту бул иш боюнча айыпталуучулар, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду жана «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен.

Эске салсак, 2017-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *