Сариев: Кыргызстандын “Центерра Голддо” 850 миллион доллар активи бар. Анын 200 миллионун алып оорукана ачуу керек

Мезгил

Кыргызстандын “Центерра Голддо” 850 миллион доллар активи бар. Анын 200 миллионун алып, азыр Бишкекте, Ошто бардык шарттарга жооп берген оорукана ачуу керек. Мындай пикирин мурдагы ѳкмѳт башчы Темир Сариев өлкө жетекчилигине жолдогон кайрылуусунда билдирди.

Кайрылууда Сариев учурда коронавирус же пневмония менен ооруп жаткандарды акысыз дары-дармек менен камсыздоо керектигин айтат. Ошондой эле мурдагы ѳкмѳт башчы өлкө экономикасы абдан оор абалга кептелгенин, акыркы кырдаалга байланыштуу өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында эч бир маанилүү чечим кабыл алынбаганын сынга алды.

“Кыргызстандын “Центерра Голддо” 850 миллион доллар активи бар. Анын 200 миллионун алып, азыр Бишкекте, Ошто бардык шарттарга жооп берген оорукана ачуу керек. Аймактардагы ооруканаларды бардык керектүү медициналык жабдык менен камсыз кылуу зарыл. 200 миллион доллар жатат, биз бул жакта дары-дармек ала албай, элибиз кыйналууда. Ошол акчаны азыр колдонбогондо качан колдонобуз. Бул акчанын эсебинен медицина кызматкерлеринин айлык акысын көбөйтүү, жардамга муктаж жарандарга даректүү жөлөкпул төлөө, бизнести колдоо зарыл -деди Сариев

Мурдагы ѳкмѳт башчы бийлик башында тургандар ушундай учурда кескин чараларга баруусу керектигин баса белгилеп, учурда өкмөттө экономиканы ойлогон эч ким жок. Сырттан келген жардамдар айлык акыдан ашкан жок деп кошумчалайт.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *