Сариевге суроо: Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү төгүлгөн кан үчүн качан жооп берет?

Мезгил

Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев бүгүн, 7-апрель ыңкылабынын 10-жылдыгына карата фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

Анда Апрель революциясынын каармандарына ыраазычылык билдирүү менен бирге, Апрель революциясы менен улуу жолго, улуу күрөшкө чыкканы, бул жол кайсы бир мөөнөт же кайсы-бир адамдар менен чектелбестиги, экономикасы кубаттуу, эли эркин, демократиялуу КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИН курмайын бул талаптар актуалдуу бойдон тура берери айтылат.

-Бүгүн Апрель элдик революциясына 10 жыл толду. 10 жылдык мөөнөт адамзат тарыхы үчүн көз ирмемге татыбаган мезгил сүртүмү. Ал эми акыркы 10 жыл биз үчүн он кылымга тете, сыноолор, чакырыктардын мезгили болду. 2010-жылдын 7-апрелинде эл талабын эстен чыгарып, адилеттикти, эркиндикти тебелеп, эсирген бийлик калкыбызга каршы ок атты. Токсондон ашык азаматыбыз шейит кетип, жүздөгөндөр жараат алды.Биздин баатырлардын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк калат

Мамлекетибиз эгемендик тарыхындагы эң кайгылуу жана кандуу окуяны башынан өткөрдү. Элибиз эркиндиги үчүн жамгырдай жааган октон кайра тартпасын далилдеди.Тарыхка айланды. Кыргызстандын жана кыргызстандыктардын мүнөзүн, эркин көрсөткөн тарыхка айланды. Андан бери 10 жыл өттү. Бүгүн Апрел ыңкылабынын 10 жылдыгын белгилеп жатып бул окуя өзүн актаган жок, шейиттер бекер эле жанын беришти деген пикирлер айтыла калып жүрөт. Бирок мындай ири окуяларга тарых гана баасын берип, өзгөчөлүгүн да, өксүгүн да ачыкка чыгарат-деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү кемчилик болбой койгон жок. Кемчиликтер көп. Бардык үмүттөр эле актала бербейт экен. Өткөн 10 жыл ичинде ишке ашышы керек болгон бир топ ири долбоорлор айрым адамдардын тар кызыкчылыгынан, саясий оюндардан улам аткарылбай калды. Биз бул үчүн ыңкылапты бирге ишке ашырган мекендеш, пикирлеш, замандаштардан алдындагы жоопкерчиликти азыр да сезип турабыз-деп кошумчалайт.

Бирок, Сариевдин кайрылуусун окурмандар кубаттоо менен кабыл албаганы төмөнкү билдирүүлөрдөн көрүнүп турат.

 

(Билдирүүлөр өзгөртүүсүз берилди)

Bakyt Turdumat Уурдалган үмүт же акталбаган максаттар. 10 жыл өттүөзгөрүү жок, бир ууч адам жыргады. Тийиштүү адамдар жооп берчү кун келээр. Бактылуу Өкмот алдады Элди, үмүт чоң эле…

Эрнист Азимжанов Шейит кеткен баатырлар эмес. Алкаштар.

Джураев Абдушукур Светтин баасын 1.50 тыйынды шылтоо кылгансыңар, сиз өзүңүз кыйкыргансыз милициялар милицейский машинага жүктөп кетип жатканда, эсиңизге салып коеюн.

Жапыкеев Сыймык Темир Ава пост жазбай эле коюңузчу. 10 жыл өттү, кимдин Ким экенин даана көрдүк. Сонун жашап жаткан жердер тунгуюка тыгылдык. Жалпы Эл убактылуу окмөткө алдандык.

Толонбай Азимов Темир Сариев, ошол 10 жылда эмне өзгөрдү??????? Ун кайра эле 1500 го чыкты, свет 2,50 тыйынга чыкты, канчалаган жерлер, канчалаган кендер сатылды, бирок элге эмне пайда болду??????????

Dairbek Kyrgyz Ошол 87 өлгөн Адамдардын тагдырына временщики силерде күнөө.

Жапыкеев Сыймык Итке мингиздиңер, итибиз өлмөй болду.

Улан Бапиев Темир Сариев сиз күнөөлүүсүз. Өнүгүп келе жаткан Кыргызстанды туңгуюкка алып келдиңиз келечекте камалышыңыз керек

Keneshov Zh Бийликтеги адамдардын орун алмашуусу эле болбосо, байкуш балдар курал эле болуп калган. Эч кандай өзгөрүү жасай алган эмес Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү АША баш болуп.

Зарылкан Секеева Бийликти басып алуу болгон. Мына азыр светти 2, 16 төгүп жатабыз.

Suiun Atoshov Бир жакшына бутуна туруп келаткан мамлекети сындыргансыңар аттиң

Нурис Дойбулов 7-апрель өз максатына жеткен жок, Убактылуу өкмөт элди алдады.

Жумадил Козубеков Ошол 90 балага наркотик арака тойгозуп өзүңөр аткансынар У Ө

Jarkyn Toktobekovich Toktokadyrov Болгон алган пользабыз бул- бүтпөй калган Балыкчы Корумду жолу, казактын президентине бардык, Кумтөрдү сатмай

Altyn Abdubayit Койчу брат эс ал эми…

Узакбек Тагайбек Бир күн болбосо бир күн, сөзсүз жооб бере турган күн келет. Ал күндөр да алыс эмес. Азыр пендечилик кылып билбей жаткандырбыз ким ак же ак эмес экенин, бирок билинет Кудай буюрса!

Мирсеит Тойчуев Кыйратпадыңыз!

Мирбек Кыдыралиев Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү качан жооп берет ошол кан үчүн

Азамат Сулайманов Бети жок

Мезгил

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *