Саруулуктар “мырзалык укугун” коргоп берүүнү БШКдан суранат

   Мезгил

Ысык-Көлдүн Саруу айылынын эли саясий активдүүлүгү менен таанымал. Бул жолу жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер мырзалар жакында президент кол коюп, күчүнө кирген “Шайлоого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдагы аял депутаттарга берилген 30% квотага наразы экендиктерин билдирип чыгышты.

“Бул жалпы жарандардын укуктарын, анын ичинде биздин мырзалык укугубузду да бузгандык болуп саналат. Ошол эле кезде аял менен эркектин ортосунда уруш-талаштын көп болуусуна алып келет” –деп билдиришкен саруулук талапкер мырзалар. Алар жергиликтүү кеңешке талапкерлигин каттатып жаткан учурда аялдарга берилген 30%дык квота тууралуу мыйзамга жаңы киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө так маалымат берилген эмес.

Алардын пикиринде айылдык кеңеште депутат катары 30 % аялзатынын резервделиниши мырза талапкерлердин укугун бузгандык болот. Ошол эле кезде бул норма калктын шайлоо системасына болгон ишенимин жоготот. Тез арада буга өзгөртүү киргизилбесе 22-сентябрда жергиликтүү кеңешке боло турган Саруудагы кезексиз шайлоону үзгүлтүккө учурата тургандыктарын кыйытышкан мырза талапкерлер.

БШКга жолдонгон катка 68 саруулук мырза кол койгон. Бул кайрылууга бир туруп мыйыгыңдан жылмайгың келсе, бир туруп “чын элеби?” деп мостоё түшөсүң. Канткен менен Мидин акын айткандай “Аялдар коомдо чоң күч” эмеспи? Эми коомубуз матирархатташа баштап, АКШ баш болгон батыш өлкөлөрү аялдардын укугун эмес, эркетердин укугун коргоого чакырып, эркетерди аялдардын агрессиясынан сактоо боюнча укук коргоочуларга грант бөлүп калбаса эле болду? Өлкөбүз чакан болгонуна карабастан акыркы кезде өнүккөн өлкөлөрдүн эксперимент жасай турган базасына айланып келебиз го.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *