Саткынчылыкбы? Кыргыз өкмөтү “Кумтөрдүн” кайра иштешине толук макулдугун берди

 Мезгил

Кумтөр кыргыз бийлигинен тоо кен иштерин баштоо үчүн 2020-жылга баардык керектүү болгон макулдуктарды алды. “Бул туурасында аталган компаниядан билдиришти. Андагы маалыматка таянсак Кумтөр 2020-жылга кенинде тоо иштерин жүргүзүү планын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет менен макулдашты.

   Кумтѳр команпаниясынын жетекчилиги ишкана мурунку күчүндө иштей баштайт деп ишендиришти.  Ошондой эле маалыматта Кумтѳр азыркы убакта ачык карьерлерден күтүлгѳн кен өндүрүлүп, келе жаткан жуманын башында казып алуу толугу менен бүтүрүлөрүн, ал эми катылган кендерди кайра иштетүүнү 2020-жылга пландап жатканы айтылат.

Эске салсак, Кумтөр өмүрүн тобокелге салып иштеп жаткан кызматкерлерине компания тарабынан коопсуздук чараларын көрбөгөндөн улам, 2019-жылдын 1-декабрь күнү таңга маал Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшүп, ал жерде иштеп жаткан эки жумушчу— тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков жана бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушев урандынын астында калган. Ушул окуяга жана иштөөгө уруксат жоктугуна байланыштуу быйыл 3-январда кен чыгуучу жерде иш расмий түрдө убактылуу токтотулган болчу. Бүгүн кыргыз бийлиги ѳз жарандарынын коопсуздугун тобоокелге салган Кумтѳр компаниясына 2020-жылга кенинде тоо иштерин жүргүзүү үчүн макулдугун берди. Демек мамлекет үчүн ѳз жарандарынын ѳмүрү түккѳ турбайбы деген суроо жаралат?

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *