Сауд Аравия айылдарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 30 млн доллар бөлөт

Мезгил

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууга багытталган Кыргызстан   менен Сауд Аравия фондунун ортосундагы «Айыл жерлерин суу менен камсыз кылуу» долбоору боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Келишимдин алкагында долбоорду ишке ашыруу багытында 25 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 30 млн доллар көлөмүндө каражат берилмекчи.

Белгилеп кетүүчү нерсе, долбоордун жыйынтыгы менен Баткен жана Талас обулусндагы 146 миң адам таза суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө. Ошондой эле эл арасындагы сапаты начар таза суудан жуккан оорулардын саны кыскарат. Аталган долбоор жалпысынан өлкөнүн суу турмагынын өнүгүүсүнө багытталат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *