Кыргыз саясатчылары элди кантип алдайт: “Жерди бекер беребиз”

  Мезгил

Шайлоо алдында жана өлкөдө болуп өткөн чулгандуу иштерде актанган  саясатчылардын калптары жана күрөккө турбаган кептери.

 Ашкере “ишмерлер”

2015-жыл. Бакыт Төрөбаев: 

 “Мен бир суткада 24 саат бою иштеймин”.

 

2015-жыл. Темир Сариев:

  “Өкмөт 24 саат бою дем алышсыз иштейт”.

 

Ашкере камкордук

2016-жыл. Таалакүл Исакунова:

 “Менин балдарым жана силер бул өлкөдө калууңар үчүн бардык болгон нерсени жасоо керек”.

 

Ашкере марттык

2017-жыл. Өмүрбек Бабанов:

 “Жерди бекер беребиз”.

 

Ашкере жалынуу

2009-жыл. Алмазбек Атамбаев:

 “Керек болсо Нурсултан Назарбаевден Каркыраны кайтарып берүүсүн чөгөлөп туруп сураймын”

Ашкере сөз берүү

2015-жыл. Бакыт Төрөбаев:

Биздин планда 2015-жылы бюджет кызматкерлери үчүн атайын азык-түлүк дүкөндөрүн ачуу бар. Азыктар базар-баасынан 25-30% арзан сатылат”.

 

Акысыз эшек араба

2016-жыл. Таалайбек Сагынов, БШК депутаты:

Коомдук  транспортто  жүрүү  акысыз болот” 
.

 

Кыргызстандын “крокодили”. Ашыкча актануу

2019-жыл. Каныбек Иманалиев:

Мага каршы кылмыш ишин табуу, Нарын дарыясынан крокодил тапканга барабар”.

 

Карышкырга танк менен аңчылык. Маңыроолук

2019-жыл. Камчыбек Жолдошбаев: 1- серия

Карышкырды вертолёт менен атса болот”.

2- серия

Карышкырды танк менен деле атса болот”.

 

Кашкар “браттан”. Ашыкча калп айтуу

2019-жыл. Кашкар Жунушалиев:

“Атамбаев Кашкар байке, мен чыкпаймын деди”.

 

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *