Саясий туткундар: Атамбаев Конституцияга түкүрүү менен мамиле жасап келет

   Мезгил.

Кыргызстандын эгемендиги коркунучта!

Кыргызстандын саясий туткундары УКМК, ИИМ, Башкы прокурорго «Кыргызстандын эгемендиги коркунучта!» деген кат жолдошту. Анда президент жүргүзүп жаткан коррупцияга каршы иштер жөнүндө айтылып, бирок ал аракеттер укук коргоо органдары тарабынан колдоо таппай жаткандыгы тууралуу маселе козгошкон. Кайрылуу каттан үзүндү:

«Силер жашыруун түрдө А. Атамбаев тараптасыңар. Карама-каршы туруу ачык формага өтсө аны колдоого даяр экендигиңерди ачык айтып коюуга мажбурбуз! Силердин жардамыңарды, олуттуу мамилеңерди сезип, ага таянып А. Атамбаев мамлекет ичиндеги мамлекетти («Кой-Таш Элдик Республикасы») түзүп алып, КР мыйзамдарына, Конституцияга түкүрүү менен мамиле жасап келет».

Андан ары «А. Шадиевди, Б. Табалдиевди, А. Батукаевди эмнеге качырып жибердиңер? Аларды өлкөгө алып келүү боюнча эмне үчүн иштер жүргүзүлбөй жатат?» деген суроолор кабыргасынан коюлган. Андан соң «Эмне үчүн Атамбаевге ЖК депутаттары таккан 6 күнөөнүн ичинен «Мамлекеттик бийликти узурпациялаган», «саясий тутукундарды куугунтукка алган» деген айыптар силер тараптан алынып салынды? Демек силер мурдагы президенттин кызыкчылыгын жашыруун коргоп жатасыңар» деген сүйлөмдөр орун алган.

Акыркы жылдарда жүрүп жаткан аракеттер акылга сыйбастыгы, президент жүргүзүп жаткан саясат парламент тарабынан колдоого алынып, бирок, күч органдары тарабынан жүргүзүлбөй жаткандыгы тууралуу айтышкан саясий туткундар «Күзүндө Атамбаев тарапташтары менен мамлекеттик төңкөрүш жасаганга даяр экендиги айкын болуп калды, эгер мунун алдын ала-албасаңар силер күнөөлүү болуп каласыңар» деп эскертилет кайрылууда. Андыктан күч органдары чечкиндүү кадамдарга барып, Атамбаевге кылмыш ишин козгоп, камакка алынышы керектигин эскертишет.

Кайрылуу катка Саясий туткундарды калыбына келтирүү боюнча Жарандык шериктештиктин мүчөлөрү: Т.З.Калматов, Д.И.Сарыгулов, Б.Т.Талгарбеков, Б.Ж.Асанов, К.Б.Кадыров, Э.Карыбеков, Т.Колубаев, А.В.Гусевдердер кол коюшкан.

 

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *