Сейтек Атамбаев чамынып, атасынын арты менен байыгандардын жүзүн ачууга киришти

 

Мезгил

Экс-президент Атамбаевдин Сеид, Кадыр аттуу уулдары партия түзүп, өз ара күжүңдөшүү менен саясаттагы арбайларын согууга киришишти. Атасынын саясаттагы жолун улантууга баш байлашкан бул экөөнөн Сейтек Атамбаев кескин айырмаланып, үй-бүлөөдөгү, айрыкча, Алмаз Шаршеновичтин кемчиликтерин, ага удаа Икрамжан Илмиянов, Болот Сүйүнбаев, Фарид Ниязов, Сапар Исаков, Албек Ибраев баштаган ат кошчуларынын жүзүн ачып, коомчулуктун “кычуусун” кандырууда. Мындай темп менен алдыңкы күндөрү Сейтек атасынын секретаршарларынан өйдө чабактарынын да жүзүн ачса, адилеттүү жүрүшүнөн тайбаса, келечекте алыска чуркай турганын далилдейт беле? Кызыгы, Атамбаев абакта жатып эртели-кеч айланасындагылар эмес, балдары эле тээк болорун түшүндү бекен? Коомчулук Сейтектен мындан ары атасынын арты менен “маданияттуу рекетке” айланышкан КСДПдагы саткындардын, Сарпашев жана анын айланасындагылар, экинчи “эшалондогулар” жөнүндө да “ачылыштарды” күтүшүүдө. Биз бирөөгө жамандык каалап эмес, болгону элдин тилегин гана жолдоп турубуз. Сарпашев менен Болот Сүйүнбаевди казса бүксүйт беле?       

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *