Сейтек БАЙГУТТИЕВ, экономикалык серепчи: “Карантинден кийин көп тармактарыбыз иштей албай калат”

Мезгил

–Сейтек мырза, сырттагы кризис алакандай Кыргызстанды эмес, бүтүндөй дүйнөнү экономикалык катастрофага алып келди. Мындайда ток этер суроо, дүйнөнү кое туруп, өлкөбүздүн экономикасын сормо саздан чыгарыш үчүн эмне кылышыбыз керек?

–Адегенде өлкөбүз өзүбүздөн тапкан кирешебизди, андан соң чыгашабызды карап, аларга көзөмөл жүргүзүп, татыктуу иш алып барышыбыз керек. Өзүбүз тапкандан көбүрөөк чыгаша кылганыбыз туура эмес. Бул жагы өзүбүздү барган сайын кыйын абалга калтырып жатат. Кирешебиз чыгашадан көп болушу керек. Чыгашаларды баштан карап, башкача көз караш менен ойлонуштурганга мезгил келди.

–Карантинден кийин кайсы тармактарыбыз биротоло бүк түшүп, сазга сорулуп калышы мүмкүн?

–Карантинден кийин көп тармактарыбыз иштей албай калышы мүмкүн. Өзгөчө биздин туризм жагы жабыркап жатат. Чет өлкөлөрдөн туристтер мурункудай биздин өлкөгө конок болуп кетүүдөн мүмкүнчүлүктөрү азаят. Мындан тышкары биздин жарандар чет өлкөгө барышып, саякаттап келген мүмкүнчүлүктөрү азаят. Ошон үчүн эң ириде туризм жагы жабыркайт. Мындан кийинки тизмеде коомдук тамактануу, кафе, ашканалар мурункудай иштей албай, аксай беришет.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *