Сентябрь айында респиратордук вируска каршы эмдөө башталат

  Мезгил

Өлкөдө кийинки айда респиратордук вируска каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалым болгондой,  сасык тумоого каршы вакцинация сентябрдын аягында старт алат. Анын так күнү дарылардын келишинен көз каранды. Учурда 135 миңден ашык вакцина жеткирүү боюнча келишим түзүлдү.

Мындан тышкары, дагы 700 миң доза алуу үчүн кошумча өтүнмө даярдалды. Ошондой эле вирустук инфекцияларды аныктоо үчүн реагент жана тест-системалары сатылып алынат.

Эмдөө биринчи кезекте калктын белгилүү социалдык катмарына жүргүзүлөт.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *