Сентябрга чейин бир катар салыктарды төлөө керек

     Мезгил

Сентябрга чейин бир катар салыктарды төлөө зарыл. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 1-сентябрга  чейин транспорт салыгын, 2-сентябрга чейин – турак жай, батир жана жер салыгын төлөө керек.

Жарандар салык органына барбастан бардык банктардын кассаларынан, почта бөлүмүнөн, ошондой эле POS-терминалдар, интернет банкинг жана карталар аркылуу төлөмдөрдү ишке ашырса болот. Кеңири маалыматты жергиликтүү салык органдарынан же ведомствонун порталынан алууга болот.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *