Шабданбек Иманкулов иш билги кадр экен эй!

  Мезгил

2019-жыл – «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» – деп жарыяланган. Бул тууралуу президенттин жарлыгы чыгып, аны ишке ашыруу максатында мамлекеттик бюджеттен 500 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражат ар түрдүү тармактарга жумшалып, аймактардагы жашоо-шарттарды жакшыртуу максатына багытталган.

Бирок аймактардагы жолдорду куруу иштери мөөнөтүнөн кечеңдеп жатыптыр. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен Жол чарба департаментинин директору Шабданбек Иманкулов айтып берди. Ал: «Бүгүнкү күндө республика боюнча ири иштер аткарылууда. Биз 139 чакырымга асфальт-бетон төшөшүбүз керек. Иштин 75 пайызы аткарылды. Жол курууда технологияны көзөмөлдөп туруу зарыл Мындан тышкары тендердик иштерди ишке ашыруу жагы мөөнөтүнөн узарып кетти. 20-25-сентябрга чейин программаны аткарабыз», -деди.

Мунусу менен Шабданбек Иманкулов жол куруу иштериндеги кемчиликтерди мойнуна алгандай болду. Деген менен өкмөттө иштеп жаткан башка кадрларга салыштырмалуу жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу элге туура, ачык маалымат берген кыйын кадр экен деп ойлоп калдык. Өкмөттүн айрым мүчөлөрү, керек болсо 5-6 министр баш болуп бети калың, башына таш тийип жатса да унчукпай тултуюп коюп, тоодой кемчилигин моюнга албай иштеп келет. Ылайым эле Шабданбек Иманкуловдой кадрлар өкмөттө көп эле болсо экен.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *