Шайды оодурган шайлоонун чыгашасы

Мезгил

2020-жылдагы парламенттик шайлоо “эң кымбат” шайлоо болгону калды. Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен 1 миллиард 200 миллион сом коротула турган болду.

2015-жылдагы парламенттик шайлоо

2015-жылы өткөрүлгөн парламенттик шайлоого мамлекеттик казынадан 258 миллион 895 миң сом акча коротулган.

2017-жылдагы президенттик шайлоо

2017-жылдагы президенттик шайлоого 539,5 миллион сом сарпталып, эгерде II тур өткөрүлө турган болуп калса, ага 132 миллион сом кошумча коротулары пландаштырылган эле. Шайлоо биринчи тур менен аяктап, 132 миллион сом Кыргызстан элинин пайдасында калган.

2020-жылдагы парламенттик шайлоо

Өкмөт башчы М. Абылгазиев 2020-жылдагы шайлоого “кошумча” каражат” бөлүүгө туура келгенин моюндады. Кыргызстандын 2020-жылдагы чыгашасы 173 миллиард 663 миллионду түзөөрү болжолдонууда. Ал эми бюджет тартыштыгы 9 миллиард 953 миллион сомду чапчып турат. Чыгашанын ичине парламент шайлоосуна коротулчу 1 миллиард 200 миллион сом да кирет.

Парламент чыгымдары

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешти “багууга” элдин эсебинен 2 миллиард 436 миллион 854 миң сом чыгымдалган.

 Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *