Шайлоо-2020: 24-августта БШКга талапкерлердин тизмесин каттоо аяктайт

  Мезгил

   Борбордук шайлоо комиссиясы  саясый партиялардын КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого талапкерлердин тизмесин көрсөтүүлөрү аяктап жаткандыгын билдирди.  

 24-августта саат 18:00гө чейин саясый партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү БШКга талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн алып келүүлөрү зарыл.

1)         саясый партиянын жетекчисинин колтамгасы, мөөрү коюлуп, талапкерлердин тизмесин көрсөткөндүгү боюнча саясый партиянын чечими;

2)     тизмеге кирген талапкердин биографиялык жана башка маалыматын көрсөтүп өз колу менен толтурулган атайын формасы, паспортунун көчүрмөсү, иштеген же окуган жеринен маалымдама, башка мамлекеттин жарандыгына ээ эместиги боюнча маалымат, персоналдуу маалыматтарды иштеп чыгууга кат түрүндөгү макулдугу;

Талапкерлердин тизмеси жана талапкер жөнүндөгү маалыматтар БШК бекиткен форма боюнча кагаз түрүндө да, электрондук вариантта берилиши керек

3)   шайлоо күрөөсүн кошкондугун күбөлөгөн документ.

Он күндүн аралыгында берилген маалыматтарды текшерүү жүргүзүлүп, 4-сентябрга чейин ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо өткөрүлөт.

  

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *