Шайлоо-2020: «Ата Мекен» алгачкы кадамын айып төлөө менен баштады

   Мезгил

Бишкек мэриясы «Ата Мекен» саясий партиясына Маданият министрлигинин астындагы жашыл чөптөрдү тебелеп салганы үчүн 13 миң сом өлчөмүндөгү айыппул салды. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынан билдиришти. 

Жакында саясий партиялардын бири өткөргөн съездде «Бишкекжашылчарба» ишканасынын кызматкерлери өстүрүп келген жашыл аймак бузулду.

Иш-чаранын уюштуруучулары “Сан Маркетинг” компаниясы  шаардын борборуна жабдууларын,  LED-экрандарын көк майсандын үстүнө, айрым жабдууларын мемориалдык комплекстердин жанына орнотушкан.

Биринчи май району боюнча Санитардык-экологиялык инспекциясы көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактысын аныктап,  «Бузуулар жөнүндө» кодексинин №120 беренеси боюнча протокол түзүлдү. Бузуучуларга 13 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынды.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч! Жашыл жерлерге, шаардын мүлктөрүнө аяр мамиле кылыңыздар. Өзүңүздөргө, жакындарыңыздарга жана шаарыбызга кам көрүңүздөр!-деп айтылат  маалыматта. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *