Шайлоо-2020: БШКга 3 партия тизмесин берүүгө жетишкен жок

   Мезгил

 Борбордук шайлоо комиссиясына 3 саясий партия Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлердин тизмесин берүүгө жетишкен жок. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, партиялардан тизмелерди алуу иштери 24-августта саат 18:00дө аяктады.

Документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү Абдыжапар Бекматов  билдиргендей,  «Нур», «Тартип-Порядок» жана «Жашылдар партиясы» документтерин берген эмес.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *