Шайлоо-2020: «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы талапкерлердин тизмесин бекитти

   Мезгил

Бүгүн, 19-августта  «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын  съезди өттү.

Съезддин  жыйынтыгы менен аталган партия программасын жана талапкерлердин тизмесин аныктады. Анда жаштарга басым жасалып, тизме түзүүдө көптөгөн жагдайлар эске алынып, жыйынтыгында партиянын өзөгү ар түрдүү улуттардан, аймактардан жана кесип ээлеринен турган талапкерлерден түзүлдү.

 «Биз ар түрдүүбүз. Бизде саясий ишмердүүлүктө, ар кандай тармактардагы иштерде тажрыйбабыз бар. Биз жашыбыз,  улутубуз, ишенимибиз, туулган жерибиз боюнча ар түрдүүбүз. Бирок биз биргебиз. Кыргызстанды жакшы көргөнүбүз үчүн гана эмес, эң берекелүү жерде жашоо дагы да ыңгайлуу болушу үчүн биргебиз», – деди партиянын төрагасы Мирлан Бакиров.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *