Шайлоо-2020: “Нур” партиясы бийликтин “Биримдикке” болгон сүйүүсүн өчүрөбү?

Мезгил

Аламан жарыш жакындаганы барган сайын тар чөйрөдө ири интригалар жаралууда. 2010-жылга чейин КСДПнын “эти да, сөөгү да” болуп жүргөн партиялаштардын жоон тобунан куралган топ түзгөн “Нур” партиясы камылганы катуу баштаганы, эң негизгиси Кремлдеги үлкөндөр ушул партияга карай “жылмайганы” күн сайын кадимкидей кызуу кепке айланууда.

Партиянын лидери Турдубек Молдобековго байланышсак, сырдуу жылмайып, ийгиликке карай батыл кадамдарды жасашаарын, учурда кучагын өлкөбүздүн баардык аймагына жайышаарын бекем ишеним менен айтууда. Кызыгы, курамы өңчөй жаратман жаштардан куралып, жакында ири партиялар менен биригүү расмисин кылышаары боюнча кеп кетти. Эмесе, биз бул жагына кызыгып, жакынкы күндөрү далай интригаларды ачыктап, кызык маалыматтар менен окурмандарды карк кылмакчыбыз.  

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *