Шайлоо-2020: Парламенттик шайлоого катышууга 35 партиядан билдирүү түштү (тизме)

Мезгил

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, кечээ 7-июлга карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга  35 саясий партия кайрылды.

Билдирүү жиберген саясий партиялар:

1. «Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы»
2. «Адам-Демократ»
3. «Ак Калпак»
4. «Актив»
5. «Ар-Намыс»
6. «Ата Мекен»
7. «Бийлик элге» (Власть народу)
8. «Бирик»
9. «Биримдик»
10. «Бүтүн Кыргызстан»
11. «Эл үнү» («Голос народа»)
12. «Демократ»
13. «Элдин биримдиги»
14. «Жаратман эл»
15. «Кыргызстан»
16. «Мекеним Кыргызстан»
17. «Мекенчил»
18. «Мекен Ынтымагы»
19. Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы
20. «Ордо»
21. «Кыргызстан жашылдар партиясы» («Партия зеленых Кыргызстана»)
22. «Кыргызстан коммунисттик партиясы»
23. «Эмгек партиясы»
25. «Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана патриотизм саясий партиясы
26. «Кыргызстан жумушчу партиясы»
27. «Республика»
28. «Реформа»
29. Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
30. «Социал-демократтар»
31. «Улуу журт»
32. «Улуу Кыргызстан»
33. «Таза коом»
34. «Чоң Казат»
35. «Ыйман Нуру».

Саясий партиялар БШКга тапшыруучу тизмелер Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, 21 жаштан өйдө, шайлоого жана шайланууга укуктуу жарандарын камтышы зарыл.

Саясий партиялар сунуш кылган талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо бекитилген күндөн тартып, добуш берүүгө 45 күн калганга чейин жүргүзүлөт.

Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *