Шайлоо босогосун 9%дан 7%га төмөндөтүү сунушталууда

   Мезгил

үгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору каралды.

Демилгечи депутаттардын бири Талант Мамытов мыйзам долбоору аркылуу “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 64-беренесинде каралган пайыздык босогону төмөндөтүү максатталганын белгиледи.

“Саясий партиялардын Жогорку Кеңешке өтүшү үчүн шайлоо босогосун 9%дан 7%га төмөндөтүү сунушталдууда”,- деди депутат Талант Мамытов.

 Талкуу маалында депутат Төрөбай Зулпукаров республикадагы парламентаризмди күчтөндүрүү максатында шайлоо босогосун төмөндөтүүгө болбой тургандыгын белгиледи. Мындан тышкары эл өкүлү Нурбек Тотонов да ар бир шайлоонун алдында шайлоо босогосун азайтуу туура эмес экендигин кошумчалады. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, демилгечи депутаттардын бири Талант Мамытов: ” Шайлоо босогосунун 7 % болушу парламентке ар кандай партиялардын келишине жоп ачып, ойлордун көп түрдүүлүгүн камсыздайт”, – деди.

Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева мыйзам долбоорун колдосо, депутат Умбеталы Кыдыралиев учурга жараша шайлоо босогосун 7 %га төмөндөтүү өтө зарыл экендигине токтолду. Ушундай эле пикирди эл өкүлү Жыргалбек Турускулов да айтты.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *