Шайлоолорго 0,828, аймактарга 2, “Коопсуз шаарга” 2,1 миллиард сом бөлүнөт

   Мезгил

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева парламент депутаттары өткөн аптада келерки жылдын бюджетин талкуулап жаткан учурда “айылчылап” кетип, келбей калган. Бүгүн ал жакка барган министр айым депутаттардан бир аз тил укту.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик курулуш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитетинин отурумуна катшкан министр 2020-жылы бюджеттен парламенттик жана жергиликтүү шайлоолорго 828 миллион сом, Бишкекте патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууга 184 миллион сом бөлүнөөрү тууралуу билдирди. Ал эми аймактарды өнүктүрүүгө 2 миллиард сом, “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууга 2,1 миллиард сом бөлүнөөрү тууралуу кошмучалады. Мындан сырткары жыл башында Улуттук статистика комитети тарабынан жүргүзүлө турган эл каттоого 239 миллион сом берилерин да маалымдады.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *