Шайлоону өткөрүүгө бюджеттен 732 млн сом каралган. Анын 95 миллион сому кыскартылды

Мезгил

Парламенттик шайлоону уюштурууга пландалган акчанын суммасы абалга жараша өзгөртүлөт. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

 Маалым болгондой, быйылкы шайлоону өткөрүүгө республикалык бюджеттен 732 миллион сом каралган. Бирок бюджеттик план 95 миллион сомго кыскартылды. Өлкөдө жана чет мамлекеттерде 2 миң 400 шайлоо участогу ачылат. Аларда 32 миң адам иштейт.

Каражат транспорттук чыгымдар, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, кызматкерлерди окутууга, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык шарт түзүүгө жумшалат. Бул иштерди уюштурууга эл аралык уюмдар жардам берет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 44 саясий партия катышат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *