Шамиль Атаханов 26-июнга чейин камакта калтырылды

   Мезгил

Мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов 26-июнга чейин абакта калтырылды.  Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды. Атаханов 1-тергөө абагына жеткирилди.

Белгилей кетсек, экс-чиновник  Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча 21-майда кармалган.

Буга чейин Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында беш дарыгер кармалып, экөө кайрадан үй камагына чыгарылган.

15-майда ушул эле ишке байланыштуу мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да камакка алынган. Сагынбаева, белгилеп кетсем, үй камагына чыгарылды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *