Шаршенбек Абдыкеримов ЖМКга карата арыздарды караган комиссияга кайрылды

Мезгил

«Аю» компаниясынын кожоюну, Шаршенбек Абдыкеримов «Жаңы Ордо» гезитине жарыяланган «Шакинин канаты жакынкы күндөрү кайрылабы?» деген макала боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды караган комиссияга кайрылып, гезиттеги макалага баа берүүнү өтүндү.  

Ал макалада Шаршенбек Абдыкеримов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каржылык жактан көмөк көрсөтүп жүргөнү жөнүндө такталбаган маалыматтар жазылган деп эсептейт.

 Белгилей кетсек, жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды караган атайын комиссия журналисттерден жана жарандык коом өкүлдөрүнөн куралган, 13 кишиден турган комиссия коомдук башталышта иштеп, маалымат каражаттарына болгон нааразылыкты сотко жеткирбей жөнгө салууну көздөйт.  

Коомдук башталыштагы бул комиссиянын чечими сунуш катары эсептелет, юридикалык күчү жок.

Булак:Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *