Шашлык талап кылган аялга милиция жооп кайтарды. Милициянын милдетине шашлык алып берүү кирбейт

  Мезгил

Социалдык тармактарга тараган келиндин милициядан шашлык талап кылып жаткандагы видеосу боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жооп берди.   Анда милициянын милдетине шашлык алып берүү кирбей тургандыгын айтылды. 

 -Милициянын милдетине шашлык алып берүү кирбейт. Бүгүн, 25-мартта адегенде фейсбук социалдык түйүнүндө, андан соң айрым маалымат сайттарында обсервацияда жаткан аялдын имаратты кайтарууга алган милиция кызматкеринен орой түрдө шашлык алып келип берүүнү талап кылган видеосу жарыяланды.

Укук коргоо кызматкерлеринин милдетине обсервацияда убактылуу жаткан жарандарыбызга тамак-аш алып келүү кирбейт. Милиция кызматкерлеринин негизги милдети-ал жарандардын коопсуздугун коргоо жана убактылуу изоляцияда кармоо эрежесин камсыздоо болуп саналат. Аманчылык болсо- эжеге шашлык жеген күн келет-деп жазылат маалыматта.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *