Шашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөт

   Мезгил

8-9-ноябрда Кыргызстандын тоолуу райондоруна кар жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

 Маалымдалгандай, 8-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда аба ырайы бузулбайт.  Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

9-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Кыргызгидромет абанын температурасы төмөндөй турганын эскертти.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *