Шашылыш билдирүү: Туруксуз аба ырайы күтүлөт

    Мезгил

25-26-май күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалым болгондой, мындан улам жергиликтүү калктын, мекемелердин  күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүүчү түтүктөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

ӨКМ бүгүн, 23-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлө тургандыгын кабарлаган.

  Маалыматка караганда, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Кээ бир тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *