Шевченко дүйнөгө кыргызстандыктар чынчыл, ак ниет, эмгекчил калк деп жар салды

  Мезгил

Кыргызстандыктар чынчыл, ак ниет, эмгекчил калк. Мындай пикирин  Лас-Вегас шаарында аралаш мушташ боюнча UFC 247 турнирине катыша турчу мушкерлердин расмий маалымат жыйынына   Валентина Шевченко кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Маалымат жыйынында мекендешибизге журналисттердин бири АКШ жакында эле Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү чектеген чечим кабыл алганын эске салып, Валентина Шевченконун пикирин сураган.

“Ал убакта мен баш – отум менен алдыда боло турган мелдешке даярданып жүргѳм.  Анан бул чечим биометрикалык паспортторго байланыштуу экендигин уктум. Менин оюмча бул адамдардан эмес, технологиядан көз каранды деп ойлойм. Балким биздин өлкөдө АКШ колдонуп жаткан технологиялар жоктур. Бирок, ишенимдүү түрдө кыргызстандыктар чынчыл, ак ниет, эмгекчил калк деп айта алам”, — деди Шевченко.

Эске салсак, АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарына иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга чектөө киргизген.  Мындай чечим 31-январда кабыл алынганын АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу видео кайрылуу аркылуу кабарлаган.

Кайрылууда АКШ кыргызстандыктарга иммиграциялык эмес визаларды, анын ичинде, туристтерге, ишкерлерге, студенттерге жана жумушчуларга визаларды берүүнү улантары айтылат. Элчи кайрылуусунда виза берүү боюнча чектөөнүн киргизилишине эки жагдай себеп болгонун билдирген.

Элчинин сөзүнө караганда, кыргыз жарандарына буга чейин берилген визалар жокко чыгарылбайт. Чектөө киргизилгенге чейин алынган иммиграциялык жана грин-карт визалары менен АКШга барса болот.

Дегеле АКШ соңку жылдары кыргыз жарандарына виза берүүдөн баш тарткан учурлар көбөйдү. Мамлекеттик департамент КМШ өлкөлөрүндөгү иммиграциялык эмес виза берүү четке кагылган учурлардын соңку көрсөткүчүндө Кыргызстанда экинчи орунда турат.

2019-жылы Өзбекстанда элчиликке кайрылгандардын 68,06% виза ала албай калган. Ал эми Кыргызстанда арыздардын 67,75% четке кагылган. Маселен, мындан жети жыл мурун (2013-жыл) АКШга виза алыш үчүн кайрылгандардын 75% канааттандырылган.

АКШ президенти Дональд Трамп 2017-жылы Ирандын, Ливиянын, Сириянын, Сомалинин, Йемендин, Түндүк Корея жана Венесуэланын жарандарын АКШга киргизүүгө чектөө койгон.

Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *