Ширин Айтматовадан “ширин” сөз

  Мезгил

Үмүт жандырган “Үмүт-2020”

Ширин Айтматова “Үмүт-2020” уюмун түзүп алып, чиновниктердин былык иштерин казып чыгып, катыгын берип жатат. Анын кезектеги учурган “ракетасы” парламенттин КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү прогресс” партияларынын ун бизнеси менен шугулданган депутаттарын жана бизнесмен Шакини талкалап түштү. Айтматованын айтымында 2015-жылы 4-октябрда шайланып келген депутаттар арадан 10 күн өтпөй өлкөгө ташылып келчү дан азыктарына болгон кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча мыйзам токуй коёт. Натыйжада 2017-жылы бул мыйзам артка кайтарылганга чейин ун бизнесинин ээлери жылына 650 миллион сомдон иштеп турган. Ушул эле сумма бюджетке түшпөй калып, өкмөт ЭААФтен бюджетти бүтөгөнгө карыз сурайт. ЭААФ кезегинде каржы берүүдөн баш тартып, бюджет тешигин алынып салынган салыктардын эсебинин бүтөгүлө деген ишара берет. Натыйжада 2017-жылы дан азыгын ташып келүүдөн алынып салынган КНС кайра калыбына келтирилет.

КСДП партиясы шайлоого – 103,2 миллион, “Өнүгүү прогресс” – 119,1 миллион, “Кыргызстан” партиясы – 79,1 миллион, жалпысынан 3 партия 301,4 миллион коротуп парламентке келет. Эми салыштырып багыңыз, 301,4 миллион сарпталды, 650 миллион бир жылда ун бизнеси менен шугулдангандардын чөнтөгүндө калды. Ал эми ундун баасы мыйзам иштеп турган 2016-жылда гана бир аз ылдыйлаганы байкалган. Ал эми учурда кымбаттап келет.

Ун бизнесинин “падышалары”

Үч партиянын ун бизнесине тиешеси бар депутаттары:

1) КСДПдан Чынбай Турсунбеков “Акун” ишканасы.

2) “Өнүгүү прогресс” партиясынан Бакыт Төрөбаев “Мариям и Ко” ишканасы, ушул эле ишканада Мирлан Бакиров да бир кезде иштеген.

3) “Кыргызстан” партиясынын парламенттен сыртта жүргөн лидери Шаршенбек Абдыкеримовдун “АЮ” компаниясы 67% ээлик кылган, 33 %ы казактын “Самрук казынасына” тиешелүү болгон “Казгрей” ишканасы Алия жана Елине ун азыктарын өлкөгө ташып келет. Андан сырткары Шакинин спирт өндүрүшүнө да КНС алынбаган буудай ташылып келинип турган.

Кыялбы, же пиарбы?

Ширин Айтматова андан ары бюджетке түшпөй калган 6 миллиард тууралуу сөз уулайт. Ага 60 мектеп, 204 балдар бакчасын куруп, же 24 медициналык онкологиялык аппарат сатып алса боло тургандыгын, же 1 176 470 пенсионерге орточо пенсия берсе боло тургандыгын айтат. Азамат, бул жери жакшы салыштыруу болуптур. Бирок баягы эле адатына салып спикер Дастан Жумабековду Райымбек Матраимовдун тоюна бардың деп опсуз жөөлөп, торпок сүзүшкө салып, челип өтөт.

Медалдын эки бети

Ошентип келерки шайлоону утурлап, айланасына жаштарды топтоп жаткан Ширин Айтматова бул видео кайрылуусунда бир топ далилдүү фактыларды келтирет. Бир караган адамга Ширин айым коррупция менен келишкис күрөш баштап алган Сооронбай Жээнбековдон да ашып түшүп, заматта “жылдызга” айланып чыга келет. Азамат десе болот. Шириндин тайманбастыгына, элдин келечегине күйгөнүнө чын жүрөктөн баа берүүгө татыйт. Жогорудагы ун бизнесинин ээлери азырынча жооп издеп, талуу жерден кармаган далилдүү фактыларга кантип жооп табып, кантип актансак болот деп буйдалып турушат.

Бирок, бирок деген сөз бар. Медалдын эки бети болгон сыңары бул бизнестин да күнгөй-тескейи бар. Сын пикир айтса “тигилерге” боор тартып жатат деген күмөн пикир жаралбашы керек. Ал 3 партиянын лөктөрүнүнүн биринин да кызыкчылыгын колдобойбуз, байланышыбыз деле жок. Бирок адилетүүлүк үчүн Ширин Айтматова көтөргөн маселенин оң жана терс жактарын да айта кетели. Албетте видео кайрылууда орчундуу меселе, ынанмыдуу далилдер келтирилген. Анан да автор материалды бир аз бир жактуу иликтеп жиберген. Дегинкиси Айтматованын ушундай далилдүү материал жарата ала тургандыгына деле күмөнүм бар. Биздин оюбузча Ширинди колдоп жаткан батышчыл Отунбаеванын тобу шайлоонун шайтан оюндары эмитен баштап алды кейиптенет. Материалды да ошолор иштеп берип, Шириндин оозу менен айттырып жаткандай.

Ун бизнеси

Ал эми ун бизнесине келсек, башка бизнестин түрү сыяктуу эле анын да аки-чүкүсү көп. 6 миллион калктын тамак-аш коопсуздугу, тамак-аш менен үзгүлтүксүз камсыздап туруу деген мамлекеттин өзүнчө саясаты бар. Бул бизнести жүргүзгөндөргө өкмөт да кепилдик берип, коргогон учурлары болот. Анткени бизнестин бул түрүнүн өлкө үчүн стратегиялык мааниси чоң. Ошол максатта биз сындап келген өкмөт байке мамлекеттин резердик фондунда дан азыктарын дайма кампада сактап келерин Ширин айым билер бекен? Жаман айтпай жакшы жок демекчи, мунун түбү кокус массалык ачарчылык болуп кетсе, же согуш апааты каптаганда калкты ачкачылыктан сактап калуу экендиги тууралуу ойлонду бекен?

ЕАЭШке киргенде Казакстандан ун арзан ташылып келинип, биздин тегирмендер иштебей, банкрот болуп калуу коркунучунда турган. Жергиликтүү буудайдан ун тартуу маселесинде бизде өскөн буудайдын көлөмү аз болуп, сапаты да казактыкына жеткен эмес. Казак буудайы сапатуу жана көп өндүрүлгөндүктөн көп мамлекеттерге экспортолот. Ошондуктан алардан буудай тартып келип, өзүбүздүн тегирмендерде тартуу маанилүү иш болгон.

Бул жерде биринчиден өкмөт ун өндүрүшүн сактап калууга баш байлаган. Эгерде бул тармакты талкалап алсак анда чек арасын каалаганда ачып, кааласа жабып, мышык-чычкан оюнун көрсөтүп келген казактарга негизги тамак-аш азыгы болгон ун азыктарынан көз-каранды болуп калмакпыз. Жүздөгөн жумушчулар жумушсуз калмак. Биздин оюбузча бийлик ошол кезде туура чечим кабыл алган. Ал эми пайдасын тигил лөктөр көргөндүгү боюнча дагы тереңирээк изилдеш керек болчу. Жылына 650 миллион сом деп, дүңүнөн айтылган сумма чын эле алардын чөнтөгүндө калдыбы? Бул чоң суроо. Азыр бизде жөнөкөй адамдан тартып бийликтегилерге чейин, каалаган кишини “коррупционер” атап койсо боло берет. Керек болсо электр тогун үйүбүзгө чейин жеткирип турган зым карагайдан (столба) да айып таап, күнөө такса болот.

Албетте Айтматованын көтөргөн маселеси олуттуу. Бирок анча болду ошол 2015-2017-жылда КСДП, “Өнүгүү прогресс”, “Кыргызстан” партияларынын аты аталган өкүлдөрү КНСтин алынышынан мунусу мынча, тигиниси тигинче пайда көрдү деген далилдер келтирилген эмес? Керек болсо ошол жылы өлкөгө мынча көлөмдөгү дан азыгы КНС алынбай ташылып келинди деген маалымат жок? Албетте аны алып чыкса видео кайрылуу өзүнүн саясий тапшырмасынын аткара албай калмак. Бул жерде Айтматованын максаты шайлоо алдында арзан пиар жасап, карапайым элге айрым лидерлерди мокочо көрсөтүп, өз үлүшүнө балл топтоо экендиги айдан ачык көрүнүп турат. Бирок саясат сасык деген сөз бар, улут сыймыктанган улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун эрке кызына бул ишке аралашуу анчейин сыймык алып келе бербейт.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *