ШКУ: 2 миллиард доллардан ашуун документтерге кол коюлат

    Мезгил

   Кыргызстандын ШКУга кирген өлкөлөр менен товар жүгүртүү көлөмү өлкөнүн жалпы товар жүгүртүүсүнүн 71 пайызын түзөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «ШКУ: Кызматташтыктын чегин кеңейтүү» бизнес-форумунун жүрүшүндө билдирди.

 Абылгазиевдин айтымында  ШКУ өлкөлөрү акыркы жылдары Кыргызстан үчүн негизги инвестициялык өнөктөштөр бойдон калууда.

«2018-жылы Кытайдан түз инвестициялардын көлөмү 245,4 миллион долларды түзгөн, Россиядан 154,4 миллион доллар келген. Пакистандан 8,9 миллион доллар тартылган, бул 2017-жылга караганда 2,3 эсе көп», — деди өкмөт башчысы.

Абылгазиев ШКУга мүчө өлкөлөрдүн бизнес-коомчулук өкүлдөрүнүн катышуусундагы кооперациялык биржа форматындагы форумдун жыйынтыгы боюнча 2 миллиард доллардан ашуун документтерге кол коюларын билдирди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *