Шыкмаматов ишкерлердин өлүмүнө байланышкан окуя боюнча өкмөт жооп беришин талап кылды

Мезгил

Депутат Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстанда акыркы болуп жаткан ишкерлердин өлүмүнө байланышкан окуя боюнча өкмөт, күч түзүмдөрү  келип жооп беришин талап кылды.

 “Кыргызстан 50-жылдардагы Сицилияга айланып баратат. Бул резонанстуу өлүмдөргөн байланышкан окуялар мамлекетке болгон кылмыштуулукутун чакырыгы. Кыргызстандын казынасына 5 млрд сом төлөбөй качып жүргөн адам Кыргызстандын консулунун унаасын минип жүрөт? Күч органдары ушул суроолорго жооп бериши керек. Ушунун баарын көрмөксөн болуп отурганыбыз чоң чатак. Эртең Орусияда Азиз Батукаев дипломатиялык номур менен жүрсө, анда да унчукпай коёбузбу?Аны териштириш керек. 12-маселе кылып, 30 мүнөт кылмыштуулуктун абалы боюнча маалымат угалы”, — деди  депутат.

Белгилей кетсек, Мадина базарындагы ишкерди,  дагы бир ишкерди аэропорттон өлтүрүп кетишсе, кечээ жакында эле  Түркияда ишкер Аеркен Саймайтини атып кетишкен. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *