Силерге да айып пул келип калышы мүмкүн.Төрага депутаттарды маска тагынып отурууга чакырды

Мезгил

Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков депутаттарды жыйында маска тагынып отурууну  сунуштады.

-Урматтуу депутаттар, сураныч масканы тагынып отурсаңыздар. Бул коомдук жай, саламаттыкты сактоо министри көзөмөлгө алып атат. Мыйзам бар, коомдук жайларда маска тагынбай жүргөндөргө айып пул салынат. Сиздерге айып пул келип калышы мүмкүн. Таарынбаңыздар. Бул жер коомдук, мамлекеттик ишкана. Ошондуктан мыйзамды сыйлайлы маска тагынып отуруңуздар бири-бирибизди сыйлайлы. Биз үлгү болобу, ушу боюнча журналисттерден да көптөгөн суроолор келип түшүп жатат- деди спикер.   

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *