Сириядагы 150 кыргызстандыкты сентябрь айында алып келишет

Мезгил

Сирияга кеткен кыргыз жарандарын мекенибизге алып келүүгө бир нече жеке ишкерлер биригип, каржылоону мойнуна алышкан. Буга ылайык бүгүн 1-августта коомдук ишмер Кубанычбек Токтосунов маалымат жыйын өткөрдү.

Ар кандай себептерден улам, көптөгөн жарадарыбыз Сирияга барышкан. Кайда баратканын билбей, азгырууга кабылгандар болгонун билдирди коомдук ишмер Кубанычбек Токтосунов.

– Тилекке каршы ал жакка эркектер гана эмес көптөгөн аялдар да кеткен. Алар, албетте, өзү менен чогуу балдарын алып кетишкен. Ар түрдүү булактарда ал жактагы лагерлерде 1000ден ашык кыргызстандык бар деген маалымат бар. Мен дароо айтып коеюн, бул иште эч кандай саясат, дин, үчүнчү күчтөр жок. Публикага чыга бербеген, жөнөкөй эле жарандардын тагдырына кайдыгер карабаган адамдар чогулдук. Каржылоону толук өзүбүз мойнубузга алабыз – деди Токтосунов.

Бул боюнча атайын топ түзүлгөн, өзүбүздүн так жана толук ресурстарыбыз жетиштүү деп  билдирди аталган топтун мүчөсү Айзада Деркенбаева.

– Бизде бардык шарттар дайындалды. Аман-эсен барып, чек арадан кыйынчылыксыз алып келсек, аларды калыбына келтирүүчү борбор түзөбүз. Алдыда ушундай пландар бар. Статистикага таянсак жалпы жолунан Борбордук Азиядан 4000ден ашуун жаран бар. Анын ичинен 1000ге жакыны кыргызстандык, алардын дагы 400ү балдар жана аялдар. Ал жерде шарттар адам чыдагыс – деди ал.

Эскерте кетсек, Жакынкы Чыгыштагы жеке байланыштары аркылуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен 150 жаранды сентябрь айында алып келүүнү пландап жатышат.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *