Сокулукка Өзгөндөн 3 аял жүк ташуучу унаага жашынып келген

    Мезгил

Сокулук районуна Ош облусунун Өзгөн районунан 3 аял жүк ташуучу унаага жашынып келишти. Бул тууралуу  “Турмуш” басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык,  3 аял Сокулук районундагы Фрунзе айыл аймагынын Студенттер айылына келишкен. Аталган айыл өкмөттөн мындай факт катталганын тастыктап, учурда териштирүү жана башка иштер жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Ал эми өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, аталган 3 адам Кара-Суу районунан келишкен. Алар үй карантининде болушат.

«Алардан анализ алынып, үй карантинине алынат. Ошондой эле кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси да каралат», – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *