Сокулуктагы жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды

Мезгил

Бүгүн, 21- январда Чүй облусунун Сокулук айылына жакын жерде жол кырсыгы катталып, үч адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, жол кырсыгы саат 07:30 чамасында болгон. «Хонда Аккорд» унаасы жолдун карама-каршы тилкесине чыгып, «Бишкек — Кара-Балта» багыты боюнча бара жаткан кичи автобус менен кагылышкан.

Жол кырсыгынан улам жеңил унаанын айдоочусу жана эки жүргүнчү каза болгон. Учурда алардын өздүгү такталууда.

Ошондой эле алдын ала маалымат боюнча, кичи автобустун жети жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *