Солтон-Сары жаңжалы. Кытай элчилиги кытайлык жарандарынын укугун коргоону жана коопсуздугун камсыз кылуу талаптарын койду

Мезгил.

Кытай элчилиги Солтон-Сары кениндеги чуулуу окуя боюнча билдирүү таратты. Ал окуядагы жаңжалдан улам, кытай компаниясынын жумушчуларынын ден соолугуна олуттуу зыян келтирилгенин жана экономикалык жактан ири жоготууга учураганын баса белгилеген.

Ошондой эле кытай элчилиги жаракат алган жарандарына толук түрдө медициналык жардам көрсөтүп, жаңжалды дыкат иликтеп, жагдайды адилеттүүлүк менен чечүүнү талап кылды.

Кытай элчилиги өз билдирүүсүндө көптөгөн жылдардан бери кытайлык компаниялар Кыргызстанга инвестиция кылып, эки өлкө алакасын чыңдап келатканын белгилеген. Кытай өкмөтү ишмердүүлүгүн чет өлкөдө жүргүзгөн ишканаларынан дайыма жергиликтүү мыйзамдарды сактоону талап кылаарын кошумчалаган.

Муну менен катар Кытай кыргыз өкмөтүнөн, тийиштүү органдардан кытайлык жарандардын укугун коргоого жана коопсуздугун камсыз кылуу талаптарын койду.

Эске салсак, 5-августта кытайлык компаниянын кызматкерлери менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыгып, тараптар бири-бирине таш ыргытышкан. Милиция анда 300гө жакын киши чыкканын айтса, айрым маалыматтарда алардын саны 500 экени кабарланууда. Учурда милиция окуяны териштирүүдө.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *