Соода согушу: Кытай Америкага “жеңилди”

Мезгил

Кытай америкалык айыл чарба продукцияларын жана энергоресурстарын импорттоого уруксат берди. Бул тууралуу кытай басылмалары Кытайдын Соода министрлигинин маалыматына таянып жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Пекин Вашингтон менен болгон сүйлөшүүлөрдүн акыркы баскычында ортодогу соода-сатык алакасындагы теңсиздикти жоюуга макулдугун берди. Эми келишимге ылайык Кытай тарап америкалык айыл чарба продукцияларын жана энергоресурстарын импорттоого уруксат берет.

Буга чейин өткөн айдын башында АКШ жана Кытай лидерлери Дональд Трамп менен Си Цзинпин Аргентинда, “Чоң жыйырманын” саммити учурундагы жолугушууда “соода согушунда” токсон күндүк тыныгуу алууну макулдашкан. Бул мөөнөт быйыл март айы ичи аяктары маалым болгон. Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп, эгер тараптар 1-мартка чейин соода-сатык келишимин түзө албаса, жаңы бажы алымдарын киргизерин эскерткен.

2018-жылдын экинчи жарымынан тарта Кытай АКШнын өзүнө багытталган бир жылдык экспортунун 85% бөлүгүнө, АКШ аныкынан төрт эсеге жакын чоң Кытай экспортунун 50% азыраак бөлүгүнө бажы тарифтерин көтөрүшкөн. Тактап айтканда  Кытай менен Американын ортосундагы соода-сатык согушу өткөн жылы күч алып, 2018-жылдын ичинде эле Америка Кытайдын 200 млрд долларлык товарына санкция киргизсе, Пекин буга жооп кылып 112 млрд долларлык америкалык өндурүшкө чектөө койгон.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *