Сооронбай Жээнбеков: Евразия жөнүндө көптөгөн улуу адамдар кыялданган

   Мезгил

«ЕАЭБдин натыйжалуулугу анын мүчөлөрүнүн ортосунда дагы, үчүнчү өлкөлөр менен дагы бирдей атаандаштык шарттарды түзүү жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды» Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда, Нур-Султан шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кеңири курамдагы мааракелик жыйынында билдирди. 

Мамлекет башчысы жыйындын катышуучуларын евразиялык интеграциянын беш жылдык мааракеси менен куттуктап, Биримдиктин толук кандуу иштешине салым кошуп жаткандардын баарына ыраазычылык билдирди.

«Беш жылдык мөөнөттү жыйынтыктап жатып, биз бүгүн бул адамдардын эмгегин адилеттүү баалашыбыз керек. Биз „Евразиялык экономикалык биримдиктин өнүгүшүнө кошкон салым үчүн“ медалы менен сыйлоо жөнүндө чечимге кол коёбуз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент ЕАЭБди түзүүдөгү Казакстандын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаевдин өзгөчө ролун белгиледи.

«Евразия жөнүндө көптөгөн улуу адамдар кыялданган. Алгачкы жолу бул тууралуу 1921-жылы князь Николай Сергеевич Трубецкой билдирген. Кийин Лев Николаевич Гумилев этносторду жана ландшафттарды айкалыштыруу идеясын өнүктүргөн. Бирок Нурсултан Абишевич Назарбаев гана Трубецкой жана Гумилевдун кыялын ишке ашыра алды. 25 жыл мурда урматтуу Нурсултан Абишевич идеяны алып чыгып, евразиялык интеграцияны түзүүнүн фундаментин түздү. 2014-жылы биздин акылман Аксакал биртоп аракеттерди көрүп, Россиянын жана Белоруссиянын Президенттери менен биргеликте Евразиялык экономикалык биримдикти түздү», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *