Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен  Японияга келди

 Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-октябрда, иш сапары менен  Токио шаарына (Япония) келди.  Сооронбай Жээнбеков Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Ошондой эле иш сапардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештерибиз менен жолугушуулары болот.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *